Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымдады. Анда элчилик Түркияда жашаган чет өлкөлүк кыргыздарга Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 2020-2021 окуу жылына карата беш бюджеттик орун берилери жазылган. Бюджеттик орундар филология жана инженерия факультеттеринен берилет.
Документтерди кабыл алуу жана кирүү сынактары Анкарадагы элчиликте өтөт. Сынакка катышуу үчүн документтер 10-сентябрга чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы керек:
Туран Гүнеш бульвары, Галип Эрдем Жаддеси 25, Yıldız / Oran, Аnkara.
Түркияда жүздөгөн ооганстандык, кытайлык жана вандык кыргыздар жашайт.
Түркиянын Улуу Памир айылында 2 500гө жакын кыргыз бар. Алардын 350дөйү - мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар. (ElB)