Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Президент Сооронбай Жээнбековдун Ош, Жалал-Абад облустарындагы жумуш сапары аяктады


Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облустук ооруканасында. 13-август, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облустук ооруканасында. 13-август, 2020-жыл.

13-август күнү мамлекет башчы Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, жергиликтүү тургундар, дарыгерлер менен жолукту. Бир катар айыл чарба жана өнөр жай мекемелеринен, социалдык обьекттерден кабар алды.

Жалал-Абад облусунда президент Жээнбеков облустук оорукананын курулушу менен таанышып, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратын көрдү.

Ош облусунда мамлекет башчы Өзгөн районунда 1,5 миң гектар жерди суу менен камсыздоого шарт түзүүчү ирригациялык долбоордун иши менен таанышты. Жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясатынын маанисин белгиледи. Айылдардын инфратүзүмүн жакшыртуу, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ишкердикти өнүктүрүүнүн зарылчылыгы тууралуу айтып, бул багыттар дайыма көңүл борборунда экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн түштүк аймагына жумуш сапары 12-августта башталган. Бул күнү мамлекет башчы Баткен облусуна барып, аймактагы өнөр жай, социалдык, айыл чарба мекемелеринин иши менен таанышкан. Мындан тышкары чек ара кызматкерлери үчүн Баткен облусунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн пайдубалын түптөөгө катышкан.

Буга чейин президент Жээнбеков Ысык-Көл, Талас облустарына барган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG