Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Орусиянын шаарларына Бишкектен жана Оштон учак каттайт


Орусиянын баш калаасы Москвадагы «Эл достугу» фонтаны. 1-июнь, 2020-жыл.
Орусиянын баш калаасы Москвадагы «Эл достугу» фонтаны. 1-июнь, 2020-жыл.

Орусиянын Бишкектеги элчилиги тараткан маалыматка ылайык, 15-августтан 30-августка чейин 16 каттам болот. Анын ичинде Бишкек- Москва, Бишкек - Санкт-Петербург, Бишкек-Екатеринбург, Ош-Москва, Ош - Санкт-Петербург жана Ош-Екатеринбург багытындагы каттамдар бар.

Орусиянын жарандары учууга чейин үч күн ичинде ПЧР ыкмасы менен коронавируска анализ тапшырууга тийиш, анын жыйынтыгын «Мамлекеттик кызмат» порталына жайгаштырышы керек. Учакка отурардын алдында аталган порталдагы атайын форманы толтурушу зарыл.

Орусияга барууну каалаган кыргызстандыктар да учууга чейин үч күндөн эрте эмес убакта ПЧР ыкмасы менен «Бонецкий» лабораториясынан коронавируска анализ тапшырууга тийиш. Кыргызстандыктар Орусияга киргенден кийин башка чет өлкөлүктөр сыяктуу эле 14 күн изоляцияга алынат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын аймагында чет элдиктердин өлкөгө киришине чектөөлөр алына элек экенин 11-августта эскерткен. Мекеме олуттуу себептери болбогон жарандардын Кыргызстандан Орусияга кириши мүмкүн эмес экенин, Орусия менен Казакстандын чек арасы да жабык экенин белгилөөдө.

Коронавирус пандемиясы башталгандан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба, темир жол жана автоунаа каттамдары токтотулган. 22-марттан бери Орусиядан чартердик учактар жана автобустар менен 25 миңден ашуун кыргызстандык мекенине жеткирилген. Учурда Орусияга кетүүнү көздөп, бирок жол ачылбаганы үчүн чыга албай жаткан мигранттар да бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG