Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Казакстанда карантин акырындап алына баштады


Коомдук автоунаа айдоочулардын нааразылык акциясы. Семей шаары. Казакстан. 10-август, 2020-жыл.
Коомдук автоунаа айдоочулардын нааразылык акциясы. Семей шаары. Казакстан. 10-август, 2020-жыл.

Казакстанда карантиндик чектөөлөрдү бир нече баскыч менен алууну мамлекеттик комиссия чечти. Аталган комиссия 13-августта бул чечимин «5-июлдан тартып киргизилген чектөөлөр кырдаалды турукташтырууга жардам берди жана медициналык мекемелерде бейтаптарды азайтты» деп негиздеди. Мындай маалыматты казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы таратты.

Анда айтылгандай, «күнүмдүк коронавируска чалдыгуу төрт пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөдү». Ошондой эле айыккандардын саны да 76% түздү.

Азырынча барлар, кинотеатрлар, музейлер, бассейндер, аквапарктар, диний мекемелер жабык бойдон турат. Массалык иш-чараларга, форумдарды, көргөзмөлөрдү уюштурууга, шаар аралык каттамга тыюу салынат. Дем алыш күндөрдөгү чектөөлөр да сакталат.

Мамкомиссиянын чечими менен 17-августтан тартып соода түйүндөрү, базарлар, чачтарач, сулуулук салондору, фитнес-борборлор, билим берүү борборлору, топто 15 баладан ашпаган бала бакчалар, ачык абадагы аттракциондор иштесе болот.

Казакстандагы кайталанган чектөөлөр эпидемиологиялык кырдаал күчөгөн мезгилде киргизилген. Эки жумага эсептелген чектөөлөр улам узартылып отурган.

Акыркы убактарда өлкөдө соода жана тейлөө кызматкерлеринин, ишкерлердин нааразылыгы күчөй баштаган. Алар жашоого каражатсыз калганын айтып, өкмөт убада берген айына 42.5 миң теңге жашоого жетишсизди экенине нааразы болушкан.

Казакстанда учурда 117 104 адам коронавируска кабылган. 1 433 адам илдеттен көз жумган. Казак өкмөтү 8-августтан тартып коронавирус менен пневмонияны чогуу санай баштаган.

XS
SM
MD
LG