Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:00

Рахмон сот менен прокуратура тармагын «тазалоону» тапшырды


Сот жана прокуратура кызматкерлери президент менен жолугушууда. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. 13-август, 2020-жыл. (Сүрөт президенттин басма сөз кызматына таандык).

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жогорку сот менен Башкы прокуратурага «пайдасыз» кызматкерлерден арылууну тапшырды.

Ал 13-августта сот жана прокуратура тармагында жогорку деңгээлдеги кызматка дайындалгандар менен жолугушуп жатып: «Силер өзүңөр коомчулукта тартипти жана мыйзамды сактоонун үлгүсү болушуңар керек!» деп айтты.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Эмомали Рахмон сот жана прокуратура кызматкерлери аралашкан коррупциялык иштерди мисал келтирип, бул тармактын аброюна шек келтире турганын айтты.

Тажикстандын Жогорку сотунда 25 судья коррупциялык мүнөздөгү кылмыштары үчүн соттолгон. Андан тышкары 16 сот кызматкери да кылган кылмыштары үчүн сот жоопкерчилигине тартылганы расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG