Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Адвокаттар УКМКнын тергөө абагында отурган өзбекстандык журналист менен жолуга элек


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК ) тергөө абагында отурган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевге адвокаттары кирип жолуга элек.

Бул тууралуу журналисттин адвокаттарынын бири Тимур Карабаев 14-августта «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, УКМК коронавирус пандемиясын негиз кылып, адвокаттардын Бобомурод Абдуллаев менен жолугушуна уруксат берген эмес.

«Биз УКМКнын жетекчилигине кат менен кайрылдык. Дүйшөмбү күнү да киргенге аракет кылабыз», - деди Карабаев.

Адвокаттар Абдуллаев менен жолугууга уруксат берилбей жатканын алгач 12-августта билдиришкен.

Атайын кызмат адвокаттардын УКМКга эмнеге киргизилбей жатканы тууралуу комментарий бере элек.

УКМК Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 8-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган.

Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген. Абдуллаев коюлган айыптарга макул эмес жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын атайын кызматы 2017-жылы 27-сентябрда «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен Ташкентте кармаган. 2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Көп өтпөй журналист артынан аңдуу жүрүп жатканын социалдык тармактардагы баракчасында жазып чыккан.

Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган. (NT)

XS
SM
MD
LG