Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 304 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 14-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирустан дагы төрт киши кайтыш болду.
Каза болгондор Бишкек шаарында, Талас, Ысык-Көл жана Ош облустарында катталды.
Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1491 кишиге жетти. Вирусту 41373 киши жугузуп алып, анын 33622си айыкты. (NT)