Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлер үч миңден ашты


Медицина кызматкери иш учурунда. Бишкек шаары. Июль, 2020-жыл.
Медицина кызматкери иш учурунда. Бишкек шаары. Июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 14-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында COVID-19 дагы 15 медицина кызматкеринен лабораториялык жол менен аныкталды.

Алардын төртөө Бишкек шаарында. Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында үчтөн, Ош дубанында жана Ош шаарында бирден медкызматкер вирус жугузуп алган.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдетке чалдыкка медкызматкерлердин жалпы саны 3006га жетти. Расмий маалымат боюнча вирус 70тен ашык медицина кызматкеринин өмүрүн алды.

Вируска кабылгандардын 2288и айыгып чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG