Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

«Ыйман Нуру» партиясы басымга кабылганын билдирип чыкты


Кыргызстанда 2017-жылы өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда 2017-жылы өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

«Ыйман Нуру» саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Михаил Халитовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда партиянын жетекчилигине басым-кысым жасалып жатат.

«Партияга олуттуу басым жасалууда. Саясий кеңеш партиянын мүчөлөрүнөн кимдир-бирөөнүн жоготор нерсеси болсо партиядан чыга берсин деген чечим кабыл алды. Атаандаш партиялар тарабынан биздин партиянын лидерине карата коркутуп-үркүтүү «Ыйман Нурунун» шайлоого катышуусуна тоскоол болбошу керек», - деди ал.

Ушундай эле пикирин партиянын дагы бир мүчөсү Динара Ашимова да билдирди. Буга үндөш дооматтар социалдык тармактар аркылуу да таратылып жатат. Ошол эле учурда партиянын жетекчилиги ким басым кылып жатканын ачык айткан жок.

«Ыйман Нуру» саясий партиясын Айбек Осмонов жетектейт. Партиялаштарынын арыздары менен дооматтарына Айбек Осмонов комментарий бере элек.

Осмонов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү катары да белгилүү. Ал пандемия шартында шайлоо өткөрүү жана анын мөөнөтү боюнча «Мекеним Кыргызстандын» атынан март айында билдирүү жасаган.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясын Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жетектеп жаткандыгы жана ал алдыдагы шайлоого бараткандыгы буга чейин кабарланган. «Мекеним Кыргызстан» менен «Ыйман Нуру» саясий партияларынын ортосунда байланыш бар-жогу тууралуу депутат Мирлан Бакировдон комментарий алуу мүмкүн боло элек.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча «Ыйман Нуру» 2012-жылы түзүлүп, жетекчиси катары Раис Алымкулов деген адам катталган. Партия 2015-жылы да парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок белгиленген мөөнөт ичинде талапкерлердин тизмесин бербегени жана курултай өткөрбөгөнү үчүн шайлоого катышууга уруксат берилген эмес.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясы шайлоо фондун мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG