Кыргызстанда бардык жарандар Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алса болот. Мекеменин директору Элмира Абжапарова 13-августтагы брифингде кыргыз жана немис өкмөттөрү Германиянын өнүктүрүү банкынан 10,5 миллион евро грант алуу тууралуу келишимге кол койгонун билдирди.
Бул акчанын эсебинен Кыргызстандын бардык жарандарына, патент менен иштегендерге, бюджеттен тышкаркы чөйрөдөгүлөргө да ипотекалык насыя берилет.
Каалоочулар насыяны "Кыргызстан", "РСК Банк" жана "Кыргыз инвестициялык-насыялык банкы" коммерциялык банктары аркылуу 10% жылдык үстөк менен 15 жылга чейинки мөөнөткө ала алышат. Ушул долбоордун алкагында бүгүнкү күнгө чейин 158 миллион сомдук 153 насыя берилди.
Беш жыл мурда түзүлгөн Мамлекеттик ипотекалык компания буга чейин насыя берүүдө бюджеттик кызматкерлерге басым жасала турганын айткан. Эки жыл мурда насыя бардык жарандарга берилет деген чечим чыккан.
Мекеме беш жыл ичинде жалпы 5,5 миллиард сомдук 4 700 насыя берген. (NT)