Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 16:49

Цианид чуусу: Доогерлер соттун чечимине макул эмес


Кумтөр алтын кени. 9-сентябрь, 2017-жыл.

«Кумтөр» алтын кен компаниясына каршы цианид чуусуна байланыштуу доо арыз жазгандар соттун акыркы чечими менен макул эмес. Алар жакын арада жогорку инстанцияларга кайрылууга камынып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» доогерлердин бири Миргүл Урманбетова кабарлады.

Андан алынган маалыматка караганда, доогерлер Октябрь райондук сотунун 17 кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу чечими туура эмес экенин, бул сумма аздык кыларын билдирип жатышат.

Бишкектин Октябрь райондук соту 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын карап, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген.

Доогерлердин өкүлү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, иш төрт ирет Жогорку сотко барып, биринчи инстанцияга кайтарылган.

«Кумтөр» алтын кен компаниясы цианид чуусуна байланышкан доо арыз боюнча чечимди колго ала элек экенин маалымдаган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы бул иш 12 томдук экенин жана чечим азырынча даяр боло элек экенин кабарлады. Ишти караган судья мыйзам боюнча беш күн ичинде чечимди даярдап, андан кийин гана тараптарга бериши керек.

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда 2000дей адам ууланып, эки адам каза болгон. 17 000 киши медициналык жардам алган. Облустун 29 тургуну келтирилген зыян толук төлөнгөн жок деген негизде бул ишти калыс кароо тууралуу талап менен 2005-жылы сотко кайрылган. 15 жылда алардын 12си каза болуп калгандыктан, 10-августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган. (NT)

XS
SM
MD
LG