15-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16, күндүзгү жогорку температурасы 32…34 градус болот.