Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:01

Бириккен Араб Эмираттары менен Израил дипломатиялык мамиле түзүүнү макулдашты


Бириккен Араб Эмираттары менен Израил АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен дипломатиялык мамиле түзүү тууралуу макулдашты. Трамп 13-августта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун, Бириккен Араб Эмираттарынын шейхи Мухаммед Бин Заиддин жана өзүнүн биргелешкен билдирүүсүн «Твиттердеги» баракчасына жарыялады.

Анда «Жакынкы Чыгыштагы ыкчам өнүгүп келе жаткан жана кубаттуу экономикасы бар эки өлкөнүн ортосундагы түз байланыш экономикалык өнүгүү, технологиялык инновация жана жарандардын тыгыз байланышы аркылуу бул аймакты өнүктүрөт» деп айтылат.

Макулдашууга ылайык, Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгин аннексиялоону «токтото турат». Эки мамлекеттин делегациялары инвестиция, туризм, түз аба каттамдарын ачуу, бири-бирине элчиликтерди ачуу жана башка маселелерди талкуулап, келишимдерге кол коюш үчүн жакынкы апталарда жолугат.

Бирок Нетаньяху Иордандын Батыш жээгин аннексиялоо убактылуу гана токтой турганын, Израил «өз жерлерине болгон укугунан» эч качан баш тартпай турганын эскертти.

Эмираттар Перс булуңундагы Израил менен мамилесин жөнгө салган алгачкы, ал эми араб мамлекеттеринин арасынан үчүнчү өлкө болуп калды.

Макулдашууну Палестина, Иран жана Түркия сынга алууда. Палестинанын президенти Махмуд Аббастын басма сөз катчысы Набил Абу Рудейне араб мамлекеттеринин уюмдары жыйынга чогулууга чакырылганын билдирди.

Бир катар талдоочулардын пикиринде, сөз болгон макулдашуу ноябрда экинчи мөөнөткө калыш үчүн шайлоого бараткан Трамптын тышкы саясаттагы жеңиштеринин бири болуп калды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG