Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

АКШ Венесуэлага кара май тартып бараткан ирандык танкерлерди кармады


Күйүүчү май жеткирген ирандык кеме Венесуэла портунда. 25-май, 2020-жыл.
Күйүүчү май жеткирген ирандык кеме Венесуэла портунда. 25-май, 2020-жыл.

Кошмо Штаттар Ирандан Венесуэлага бараткан төрт танкерди кармап алышты. АКШнын Юстиция министрлиги кемелер 1,116 миллион баррел мунай тартып баратышканын, жүк Революция сакчыларынын корпусуна тиешеси бар экенин билдирди. Мекеме өнөктөштөр менен чогуу конфискацияланган мунай эми америкалык бажыда сакталып турганын кошумчалады.

Танкерлер кармалганын жана Техаска багыт алганын «The Wall Street Journal» 13-августта биринчи болуп жазган.

1-июлда АКШнын Юстиция министрлиги Вашингтон сотуна арыз берип «Bella», «Bering», «Pandi» жана «Luna» танкерлеринин бортундагы мунай өндүрүмүн конфискациялоону талап кылган.

Арызда бул соода Революция сакчыларынын корпусу менен байланыштагы ирандык ишкер тарабынан ишке ашырылып жатканын, ал корпус АКШда чет өлкөлүк террордук уюмдардын тизмесине киргизилгени айтылган.

Президент Николас Мадуро режимине каршы санкциялардан улам Венесуэла кара май сатып алыш үчүн Иран өңдүү өнөктөштөрүнө кайрылууга аргасыз болууда.

Май айында ирандык бир нече кеме Венесуэлага күйүүчү май жеткирип барган.

XS
SM
MD
LG