Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Кыргызстанда электромобилдерге салыктык жеңилдиктер берилди


Бишкектеги автоунаа базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги автоунаа базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Анда айтылгандай, документти Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алган.

Кол коюлган мыйзам Кыргызстандын ири шаарларында бир катар көрсөткүчтөр боюнча чектик жол берилген концентрациядан ашкан жана калктын ден соолугуна кооптуу болгон абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Мыйзамда өлкөгө ташылып келген жана Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн электромобилдерге, электр дүрмөттөөчү станцияларга жана алардын запастык бөлүктөрүнө (комплекттөөчүлөргө) салыктык преференциялар, техникалык кароо жүргүзүүчү диагностикалык борборлордун жоопкерчилиги каралат.

Мыйзамдын 1-беренесин кошпогондо, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG