Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

Шайлоо 2020: «Демократ» шайлоого «Бир Бол» менен бара турган болду


«Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов менен «Демократтын» лидерлеринин бири Эсен Момункулов.
«Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов менен «Демократтын» лидерлеринин бири Эсен Момункулов.

«Демократ» партиясы келерки парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Бир Бол» саясий партиясынын катарына кошулууну чечти. Бул тууралуу «Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов менен «Демократтын» лидерлеринин бири Эсен Момункуловдун жалпы билдирүүсүндө кабарланды.

«Бир Бол» партиясынын басма сөз кызматы биригүү жаңылануунун алкагында болгонун кабарлады. Аталган партия буга чейин катары толук жаңыланып, өңчөй жаштар менен шайлоого баратканын жарыялаган.

«Демократ» партиясы 2016-жылы түзүлгөн. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, төрагасы Нурлан Биримкулов экени көрсөтүлүп турат. Дагы он чакты киши, анын ичинде Эсен Момункулов негиздөөчү катары катталган.

«Демократ» буга чейин жергиликтүү жана шаардык кеңештерди шайлоолорго катышып, жеңилип калган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого өз алдынча катышууга арыз берген.

Мурдараак «Мекеним Кыргызстан» партиясына «Табылга» жана «Бирик» партиялары кошулган. «Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, ишкер Тилек Токтагазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында барууну көздөшүүдө. Бул топко кошулган «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев кийин кайра чыгып кеткен.

Шайлоого даярдык убагында катарын иргеп жатканы тууралуу «Республика» саясий партиясы да маалымат таратып, айрым саясатчыларды кошконун, айрымдарын партиядан чыгарганын кабарлаган. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы да бир катар саясатчылар аларга бириккенин маалымдаган. «Кыргызстан» партиясы да катарына бир нече саясатчыларды кошту.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясына шайлоо фондун өз мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген жок. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG