Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Орусиянын Хабаровск аймагындагы демонстранттар Беларуска тилектештигин билдиришти


Орусиянын Хабаровск аймагында митингге чыккандар. 8-август, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын Хабаровск аймагында митингге чыккандар. 8-август, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Хабаровск аймагынын камакка алынган мурдагы губернатору Сергей Фургалдын тарапкерлери 15-августта да көчөгө чыгышты.

Беш жумадан бери уланып жаткан акциянын ишембилик жүрүшүнө бул жолу бир жарым миңдей адам катышканын расмий бийлик кабарлады. Видеодо көчөгө чыккандар андан көп экени байкалат.

Бул күнү акциянын катышуучулары беларус президенти Александр Лукашенкого каршы чыккандарга тилектештигин билдирип, «Жашасын Беларус» («Живе Беларусь!») деп кыйкырып жатышты.

Демонстранттар Хабаровск шаарынын борбордук аянтына чогулуп, андан кийин башкы көчөлөр аркылуу жөө жүрүш өткөрүп, жол тосуп келишет. Айдоочулар да аларды колдогону айтылды. Мындай акциялар Хабаровск шаарынан сырткары Комсомольск-на-Амуре, Владивосток жана башка шаарларда да өтүп жатат.

Митингдер Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган. Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG