«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 18-19-августтарда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрө турганын эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу жаашы мүмкүн.
16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болот.
16-августта Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 градус болот. (ErN)