Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Ошто киши өлтүрүүгө шек саналган адам кармалды


Адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалган жаран. Ош, Кыргызстан.
Адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалган жаран. Ош, Кыргызстан.

Ош шаарында Ош облусунун Кара-Суу районунун 26 жаштагы (Б. уулу А.) тургуну бычак менен киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, 11-августка караган түнү милицияга көп кабаттуу үйдүн тургунунан белгисиз адамдар бычак сайып кеткени тууралуу телефон аркылуу кабар түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 40 жаштагы К. Ж аттуу тургун денесинин ар кайсы жерине 23 ирет учтуу нерсе менен сайылып каза болгондугун аныктаган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү алыскы жолго чыгууга камынып жаткан жерден колго түшкөн. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, ал маркум менен өз ара тааныш болуп, окуядан беш-алты күн мурда анын үйүндө ичимдик ичип олтуруп, уруша кетишкен. Таарынып чыгып кетип, кайра келип үй ээсин бычактап салган.

Иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (ErN)

XS
SM
MD
LG