Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

БШК партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылык колдоого байланыштуу түшүндүрмө берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК).
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК).

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясый партиялардын шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддору боюнча мыйзамдардагы ченемдердин талаптары жөнүндө өз сайтында (shailoo.gov.kg) түшүндүрмө жарыялады.

Мекеме “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шайлоо фонддорун түзгөн бардык акча каражаттары банктык же башка мекемедеги атайын эсепке которуларын белгилейт. Бул эсеп БШКнын уруксаты менен саясый партия, талапкер тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна түшүп жаткан каражаттар бир гана улуттук валютада кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептерге кирешелер кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.

БШК быйылкы парламенттик шайлоо үчүн “Айыл Банк” жана “РСК Банк” банктарында шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелер катары аныкталганын белгилейт.

Партиялар каражаттарды башка валютада топтоого укугу жоктугу, анонимдүү акча алууга тыюу салынары мыйзамдардын негизинде чечмеленген. Коммерциялык сырды сактоо шартына карабай, акча которгон кишинин аты-жөнү анын өзүнүн макулдугун алуу менен БШКнын расмий сайтында жарыялоого мыйзам жол берет. Чет жактан башка валютада акча которгондордун каражаты конвертациялоо аркылуу партиянын эсебине улуттук валютада салынат.

Мурдараак айрым шайлоочулар партиялардын эсебине акча салууда айрым банктарда тоскоолдуктар болуп жатканын социалдык тармактарда жазышкан.

Шайлоого баруу ниетин билдирген партиялардын ичинен «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартканы, «Агардык партия», «Жаратман» партияларына шайлоо фондун өз мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилбегени мурда кабарланган. Учурда ошондой эле шайлоого баруу ниетин билдирген саясий партиялардын ичинде биригүү процесси уланууда.

Шайлоого баруу ниетин жалпысынан 44 партия билдирген. Партиялар өз тизмесин 25-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. Соңунан БШК саясий партияларды шайлоого талапкер катары каттай баштайт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (ErN)

XS
SM
MD
LG