Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

COVID-19: Бир суткада вирусту 211 адам жугузду, эки адам каза болду


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 вирусунун U07.1 жана U07.2 категорияларын соңку бир суткада 211 адам жугузганы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Анда айтылгандай, жаңы жугузгандардын 47си Ысык-Көл облусунда, 46сы Бишкек шаарында, 27си Жалал-Абад облусунда, 26сы Ош облусунда катталды. Баткенде 22, Чүйдө 19, Ош шаарында 14, Таласта 7, Нарында 3.

COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда соңку суткада эки адам каза болду. Бирөө Бишкекте, экинчиси Нарында. Акыркы суткада 329 киши айыгып чыкты.

Расмий статистикага ылайык, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1495 кишиге жетти. Вирусту 41 856 киши жугузуп алып, анын 34 306сы айыкты. (ErN)

XS
SM
MD
LG