Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

17-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан, Сары-Челек көлү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан, Сары-Челек көлү. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 18-19-августтарда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрө турганын эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу жаашы мүмкүн.

17-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

17-августта Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20, күндүзгү жогорку температурасы 32…34 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG