Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетованын токтому менен Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Грузия, Тайланд, Венгрия, Индия, Германия, Чехия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Беларус, Түркия, Египет, Украина, Нидерланды, Орусия мамлекеттеринин жарандары Казакстанга кирерде дене табы өлчөнүп, анкета толтурушат. Ал эми Польшадан, Өзбекстандан, Тажикстандан келгендер беш күндүк аралыкта тапшырылган ПЧР анализинин таза экенин билдирген маалымдама бериши керек. Ал жок болсо 48 саат ичинде кайрадан анализ тапшырууга тийиш. Ушундай эле талаптар өлкөнүн аба каттамдары жандана элек башка мамлекеттердин жарандарына да коюлат.
Казак бийлиги келерки жумадан тартып Бириккен Араб Эмираттары, Беларус, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусия менен аба каттамдарын жандантуу максатын билдирген. Түркия менен каттамдар 1-сентябрдан тартып кайра ишке кирет.
Июль айынын башында күчөтүлгөн чектөөлөрдүн айрымдары 17-августтан тартып алына баштады. Көптөгөн ишканалардын ишине уруксат берилди. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги июль айындагы чектөөлөр коронавирусту кыйла басаңдатууга өбөлгө болот деп эсептейт.
Марттын ортосунан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандар 102 696 адамга жетти. 1397 адам көз жумду.