Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Өзбекстанда жогорку окуу жайларынын окутуу акысы 10% азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай чечимди Өзбекстандын Финансы министрлиги жана Жогорку, орто окуу жайларында билим берүү министрлиги студенттердин нааразылыгынан улам кабыл алды. Ага ылайык күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин окуу акысы 10% төмөндөйт. Мындан тышкары окуу жайларына жетимдерге, мүмкүнчүлүгү чектелүү жана социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге каржылык жардам көрсөтүү милдеттендирилди. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, мындай жардамдын суммасы орточо төрт миллион сум (400 доллардай) болот.

Жизак мамлекеттик педагогикалык институтунун студенти Исламбек Пулатов «Азаттыктын» өзбек кызматынын сайты аркылуу өкмөткө кайрылып, билим берүү тармагында реформа жүргүзүү зарыл экенин айткан.

Мурдараак «Азаттыктын» өзбек кызматы «Телеграмдагы» түрдүү топтордо студенттердин нааразылыгы күчөп жатканын кабарлаган. Анда жаштар өкмөткө пандемия шартында ЖОЖдордо окутуу акысын төмөндөтүүнү талап кылышкан.

Өзбекстандын жогорку жана атайын кесиптик окуу жайларында студенттердин билим алуусу 1-сентябрда онлайн түрүндө башталат.

XS
SM
MD
LG