Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Байыш Юсупов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Байыш Юсупов.
Байыш Юсупов.

Жаңыдан дайындалган өкүл эмгек жамаатына 17-августта тааныштырылып, ага вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, район акимдери жана облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Байыш Юсупов 2013-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин Кара-Суу районунун акими болуп жана пахта тармагындагы ишканаларда да эмгектенген.

63 жаштагы Байыш Юсупов кесиби боюнча жеңил өнөр жай тармагынын инженер-технологу.

Өкмөттүн облустагы мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаев 7-августта парламенттик шайлоого катышуу максатында өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

22-июнда Байыш Юсуповдун бир тууган карындашы Санталат Аматова Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG