Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

ӨКМ: сууга чөгүп кеткен беш кишинин сөөгү табылбай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан маалымат боюнча, 16-августта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында көлгө 29 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн 17-августта таап Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Министрлик август айында сууга чөгүп кеткен дагы беш киши табылбай жатканын кабарлады.

Бишкектин Биринчи май районунда 10-августта Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жаштагы бала дагы эле табыла элек.

Ушул эле райондо 16-августта Ленская көчөсүндө сөз болуп жаткан каналга эркек киши чөгүп кеткен. Анын тек-жайы такталып жатат. Азырынча сөөгү табыла элек.

Свердлов районунда 15-августта Учкун кичи районунда Чоң Чүй каналына 13 жаштагы бала чөгүп кеткен. Издөө иштери 17-август күнү улантылат.

15-августта Аламүдүн районундагы Аламүдүн суусуна 26 жаштагы аял түшүп кетип, сөөгү табылбай жатат. Издөө иштерине 21 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле 7-августта Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына түшүп кеткен жети жаштагы бала да табылбай жатат. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, суучулдар жана жергиликтүү тургандар тартылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG