Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерин кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөгөн башкы инспектору (А.М.) 14-августта кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, жетекчилик кызматты аркалаган салыкчы «Кыргыз темир жолу» ишканасында уюштурулган тендерлерде кайсы бир компания менен байланышта болгон жана аны калкалап, коррупциялык схеманы ишке ашырууда негизги ролду ойногон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жазык кодексинин 319-беренеси менен («Коррупция») айыпталып жаткан салыкчыны 15-августта камакка алган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мамлекеттик мекемелер жана жеке ишканалардын өкүлдөрүнөн турган топтун кылмыштуу иштерине чара көрүлүп жатканын билдирди. Алар товар ташуу жана ар кандай кызмат көрсөтүүнүн баасын жогорулатып, мамлекеттик ишканадан ири суммадагы акча чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.

Ушул жылдын июнь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башкы директору Канатбек Абдыкеримов коррупциялык аракеттер үчүн шектүү катары кармалган.

Атайын кызматтын башкы тергөө башкармалыгы Коррупцияга каршы кызматтын материалдары боюнча аталган ишкананын бир катар жооптуу кызмат адамдары жасаган коррупция жана ири көлөмдө уурдоо фактылары боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG