Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Улуттук гвардияда жети жоокердин сабалышы боюнча иликтөө жүрүп жатат


Улуттук гвардиянын башкы кеңсеси. Бишкек шаары.

Улуттук гвардиянын офицерлери жети жоокерди сабаган факты болгонун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева «Азаттыкка» ырастады.

Анын билдирүүсүнө караганда, окуя ушул жылдын июль айында болгон. Чатакка Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин эки офицери жана келишимдик негизде иштеген эки кызматкер аралашкан.

Ички иликтөө учурунда жети жоокер 16-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта сабалганы белгилүү болгон. Жарашева окуяда жоокерлердин саламаттыгына анча көп доо кетпегенин кошумчалады.

Топтолгон материалдар Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө уланып жатканы кабарланды. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG