Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстанда жарыктын авариялык өчүшү көп катталууда


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Кыргызстанда акыркы жети айда электр энергиясында 3 137 жолу авариялык өчүрүү болду.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов 17-августтагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл авариялык өчүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 348ге көп.

«Авариялардын негизги себеби – жабдуулардын жарактан чыгышы, аба ырайы. 2020-жылы 71 от казан оңдолду. Негизи, биз анын 69ун гана оңдойбуз деп пландап жатканбыз», - деди Эмил Осмонбетов.

Өткөн айда Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен. Уюм электр энергиясы жана суу коңшу өлкөлөргө сатылгандан улам ушундай кырдаал жаралганын билдирген.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы кабатырланууга негиз жок деп кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG