Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

«Демократ» партиясы шайлоого катышпай турганын БШКга билдирди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК).
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК).

«Демократ» саясий партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганы жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алары тууралуу БШКны кабардар кылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-августта билдирди. Маалыматка караганда, Боршайком 17-августтагы жыйында партиянын билдирүүсүн карап, аны эске алууну чечти. «Демократ» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталбай турган болду.

Өткөн аптада «Демократ» партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн «Бир Бол» саясий партиясынын катарына кошулган.

«Демократ» партиясы 2016-жылы түзүлгөн. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, төрагасы Нурлан Биримкулов экени көрсөтүлүп турат. Дагы он чакты киши, анын ичинде Эсен Момункулов негиздөөчү катары катталган. «Демократ» буга чейин жергиликтүү жана шаардык кеңештерде шайлоолорго катышып, жеңилип калган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого өз алдынча катышууга арыз берген.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген.

Кийинчерээк «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясына шайлоо фондун өз мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG