Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Бишкекте санитардык талаптарды бузгандарга 46 миң сом айып салынды


Санитардык талаптарды бузуп той өткөргөн ресторандардын бири.
Санитардык талаптарды бузуп той өткөргөн ресторандардын бири.

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы пандемия шартында санитардык талаптарды бузгандардарга дагы 46 миң сом айыппул салды.

Шаардык бийлик берген маалымат боюнча, «Кайнар», «Палацио», «Сары Өзөн» ресторандары, «Абстракт» кафеси, Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» супермаркети, «Даамдуу» тез тамактануу жайы боюнча 12 протокол түзүлдү. Баш-аягы 90дой чарба субъектиси текшерилди.

Санитардык-экологиялык инспекция санитардык эрежелерди сактабагандарга ушул күнгө чейин бир миллион 477 сом айып салды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, жапырт иш-чараларга тыюу салынган. Бул талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынары белгиленген.

Мындай чектөөлөргө карабай, айыппул төлөп, той-топур, куран окутуу уюштурулуп жатканын Интернеттеги социалдык тармактардагы билдирүүлөр көрсөтүп жатат.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб буга чейин тойлордо, тажияларда инфекция жайылып жатканын эскерткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG