Орусия пандемия учурундагы тыныгуудан соң Сирияда калган жарандарын алып келүүнү улантты. 18-август күнү Сириядан 26 бала мекенине жеткирилерин Орусия президентинин балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецова маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, балдар буга чейин Дамасктагы наристелер үйүндө кармалып турушкан.
Балдар Коргоо министрлигинин учагы менен алып келинди. Мурдараак орус өкмөтү Сириядан 122 баланы алып келүүгө даярданып жатканы кабарланган. Ал үчүн дагы төрт жолу Сирияга каттам болот.
Орусия бир нече жыл согуш болгон Сирия менен Ирактан буга чейин 156 баланы мекенине кайтарган.