Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

БУУнун баш катчысы Беларустун бийлигин жана элин диалогго чакырды


Иш таштаган заводдун жумушчулары нааразылык акциясында. Минск, Беларус. 17-август, 2020-жыл.
Иш таштаган заводдун жумушчулары нааразылык акциясында. Минск, Беларус. 17-август, 2020-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Беларустагы кырдаал көңүл борборунда экенин билдирди. Ал беларус элине жарандык жана саясий укуктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экенин белгилеп, бийликти демонстрацияларга токтоо мамиле кылууга чакырууда.

Бул тууралуу баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик маалымдады: «Биз өлкөдөгү демонстрациялар жана окуялар тууралуу толук кабардарбыз. Баш катчы элдин нааразычылыгын бийлик угуп, бирок репрессиядан алыс болушу керек деп эсептейт». Анын айтымында, кармалгандардын сабалышы боюнча фактылар да толук иликтенүүгө тийиш.

Мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана калыс шайлоо өткөрүүнү талап кылган акциялар 9-августта өткөн шайлоодон кийин токтобой келет. Каршылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам жарадар болуп, эки киши көз жумду.

Кийин бошотулган жүздөгөн адамдар камакта полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып беришкен.

17-августта бир катар заводдордун жумушчулары иш ташташты.

XS
SM
MD
LG