Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Кыргызстанда коронавирустан айыгуу көрсөткүчү 82,7% түзүүдө


Кыргызстанда коронавирус чыккан алгачкы күндөрү тартылган сүрөт. Сокулук, Чүй облусу.
Кыргызстанда коронавирус чыккан алгачкы күндөрү тартылган сүрөт. Сокулук, Чүй облусу.

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын көрсөткүчү жалпы ооругандардын 82,7% түзүүдө. Бул тууралуу 18-августта илдетке каршы республикалык штаб кабарлады.

18-марттан 18-августка чейин өлкөдө 42 146 адам COVID-19 илдетине чалдыкканы лабораториялык жол аркылуу аныкталган. Алардын 34 885и айыкты.

Илдет жуккандардын арасынан 1498 киши жашоо менен кош айтышты. Бул сан жалпы бейтаптардын 3,5% түзөт.

Кытайдын Ухань аймагынан чыгып, дүйнөгө тараган вирус учурда 188 мамлекетте адамдарга жуккан. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 18-августка карата 21 миллион 885 миңден ашуун кишиде бул дарт аныкталган. Алардын 774 миңден көбү кайтыш болуп, 14 миллиондой адам айыкты.

Кыргызстанда бул илдетти жугузуп алгандар алгач 18-мартта аныкталган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG