19-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында катуу жаан-чачын болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен Чүй, Жалал-Абад тоолуу жерлеринде жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,
Нарын жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28 градус ысыйт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 11...13, күндүз 26...28 градуска чейин жогорулайт.