Демократтардын жыйынынын ачылышында мурдагы биринчи айым Мишел Обама жана сенатор Берни Сандерс сөз сүйлөштү. Экөө тең шайлоочуларды Дональд Трамптан жана анын «бөлүнүү саясатынан» баш тартууга чакырышты.
17-августта башталып төрт күнгө созула турган жыйын коронавирус пандемиясынан улам онлайн өтүүдө.
Мишел Обама Трамп бир нече жолу «өлкө үчүн ылайыксыз президент экенин» көрсөткөнүн айтты.
Мурдагы биринчи айым алдын-ала жаздырылган кайрылуусунда Трампты компетентсиз, түз жүрбөгөн адам катары мүнөздөдү.
Сенатор Берни Сандерс Трамп мамлекетти «авторитаризм жолу менен алып баратканын» эскертти. Ал ошондой эле Кошмо Штаттардын келечеги коркунучта экенин айтып, аны сактап калыш үчүн Жо Байденди шайлоо зарыл экенин кошумчалады.
77 жаштагы Жо Байдендин президенттикке талапкерлиги аптанын аягында көрсөтүлөт. Ал эми Республикалык партиянын жыйыны кийинки аптага белгиленген.
Президент Дональд Трамп Демократиялык партиянын жыйыны башталгыча эле аны «уйкусураткан иш-чара» деп атаган.