Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:54

Ооганстанда Эгемендик күнүндө ракеталар менен чабуул коюлду


Ракеталык кол салуудан жабыркаган автоунаа. Кабул. 18-август, 2020-жыл.
Ракеталык кол салуудан жабыркаган автоунаа. Кабул. 18-август, 2020-жыл.

Ооганстандын расмий адамдары билдиргендей, баш калаа Кабулдун өкмөттүк имараттар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан аймагына урулган ракеталык соккулардан кеминде он киши жарадар болду.

Бул күнү өлкөдө Эгемендиктин 101 жылдыгы белгиленип жаткан. Маалыматтарга караганда, чабуул ооган президенти Ашраф Гани Коргоо министрлигинин алдындагы Эгемендик минаретинин алдына гүлчамбар койгондон кийин башталды.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 18-августта жалпысынан 14 ракета менен сокку урулган. Окуяга байланыштуу эки шектүү кармалды.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Ушул тапта «Талибан» кыймылы менен расмий Кабул 19 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаганы турушат.

Талибдердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид чабуулдан кабары жок экенин билдирди. Буга чейин «Ислам мамлекети» террордук тобунун Ооганстандагы бөлүмү мамлекеттик майрамдарда ракеталар менен кол салуу уюштуруп келген.

XS
SM
MD
LG