Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

Шайлоо-2020: «Бир Бол» партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти


«Бир Бол» партиясынын талапкерлеринин тизмеси.

«Бир Бол» саясий партиясы 17-августтагы курултайында программасын жана парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитти. Партиянын өкүлдөрү алдыңкы сапта турган 20 талапкердин тизмесин жарыялады. Анын башында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов турат. Партиянын төрагасы Алтынбек Сулайманов тизмеде 10-катарга кирген.

«Бир Бол» партиясынын талапкерлеринин тизмеси:

1. Алмамбет Шыкмаматов

2. Жоомарт Жолдошев

3. Фарходбек Алимжанов

4. Айжан Чыныбаева

5. Мирбек Асангариев

6. Руслан Акматбек

7. Жоодар Сайдилканов

8. Зарина Чекирбаева

9. Нурсултан Кубанов

10. Алтынбек Сулайманов

11. Нурбек Мурашев

12. Гүлнура Төралиева

13. Дүйшөн Төрөкулов

14. Рамис Мамбеталиев

15. Эсенкул Момункулов

16. Чынар Капарова

17. Советбек Рустамбек уулу

18. Темирбек Ажыкулов

19. Абдисаит Каримбеков

20. Екатерина Филаретова.

«Бир Бол» буга чейин саясий кеңешинин курамы 95% жаңыланганын билдирген. Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясын жетектейт. Фракция парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн катарында.

Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (28)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG