Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Роза Отунбаева туулган күнүнө арналган гүлдөрдөн баш тартты


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева 23-августтагы туулган күнүндө берилчү гүлдестелерден баш тартарын билдирди.

Ушундай өңүттөгү кайрылууну «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун сайтына жарыялап, гүлгө сарпталчу акчаны коронавируска каршы күрөшкөн медиктерге тартуу кылууну суранды.

«Мага гүлдесте ала турган акчаңызды 100 сом болсо да атайын эсепке которсоңуз, ыраазычылыгымды билдирип кабыл алам жана чогулган каражатты медайымдарга колдоо көрсөтүүгө жөнөтүү ниетим бар»,- деди Отунбаева.

Каалоочулар «Элсом» аркылуу 0552 25-25-99 номуруна акча которсо болот. Түшкөн каражат жана колдоо алган медайымдар тууралуу маалымат берилет.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун маалыматына караганда, экс-президент апрель айында пандемияда иштеген дарыгерлерди колдоого бир миллион сом, июлда Бишкектеги күндүзгү стационарга 150 миң сом, Талас облустук ооруканасына 150 миң сом, Нарынга 1000 беткап жөнөтүп, жардам кылган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан соң эки жылдай мамлекетти башкарган Роза Отунбаева 23-августта 70 жашка толот. (SE)

XS
SM
MD
LG