Орусия менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча Бишкектин сунушуна Москва оң жооп бере элек. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей, Кыргызстан 1-августтан тартып учак каттамын жандантуу жөнүндө сунушун июлда жөнөткөн. Орус тарап өкмөт муну так талдап чыккан соң жооп берерин айткан.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен аба каттамдарын токтоткон. Сырт жактагы мекендештер чартердик рейстерде ташылууда.
7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары кайра жолго коюлган.
Ушул күндөрү эл арасында «Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 1-сентябрдан тартып учак каттай баштайт» деген имиш тараган.
18-августка карата Кыргызстанда 42 146 адам COVID-19 илдетине чалдыкканы лабораториялык жол аркылуу аныкталган. Алардын 34 885и айыгып, 1498и каза болду.
Орусияда 930 276 кишиде коронавирус бар экени такталган. Алардын 15836сы көз жумуп, 741 миңден ашууну сакайды. (SE)