Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Абдуллаевдин аялы Бишкек анын күйөөсүн Ташкентке өткөрүп салган болушу мүмкүн деп кооптонууда


Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев.
Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев.

Бишкекте камалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин аялы Кутликиз Балхибаева «Азаттыктын» өзбек кызматына Бишкек анын күйөөсүн Ташкентке жашыруун өткөрүп берип салган болушу мүмкүн деген оюн айтты:

«Бир жумадан бери адвокаттарды күйөөмө жолуктурбай жатышат. Ошондуктан Бобомуродду Өзбекстанга өткөрүп берип салышкан жокпу деген кооптонуу жаралууда. Эгер ошондой болуп калса, жолдошум мурдагы жолкудай кыйноого кабылышы мүмкүн».

Буга чейин Абдуллаевдин адвокатты Тимур Карабаев аны менен жолуга албай жатканын билдирген.

Абдуллаев менен жолугушуу мүмкүн болбой жатканын адвокат Тимур Султанов да «Азаттыкка» бышыктады. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пандемияга байланыштуу санитардык нормалардан улам убактылуу ушундай чара көрүлүп жатканын билдирген. Адвокаттар УКМКнын жетекчилигине өтүнүч кат жазышкан. Азырынча расмий органдардан бул жагдайдын чоо-жайы тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган. Ал коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

XS
SM
MD
LG