Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Бүгүн чек ара чырында айыпталган төрт кишинин иши каралат


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Аймакта чек аранын эки тарабындагы элдин ортосунда байма-бай чыр чыгып турат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Аймакта чек аранын эки тарабындагы элдин ортосунда байма-бай чыр чыгып турат.

Ишти Баткен райондук соту карайт. Айыпталуучулардын адвокаты Алтынбек Сатаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү көрсөтмө берип жатышат.

«Мамлекеттик айыптоонун 11 күбөсү суралды. Дагы тогузу калды. Андан кийин биздин күбөлөр суралат», - деди ал.

Көк-Таш айылындагы чек ара чырына байланыштуу айыпталып жаткан төрт жарандын иши боюнча соттук териштирүү июль айынан бери жүрүп келе жатат.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алган. 17-январда сот экөөнү - Жазык кодексинин 264.2-беренеси («Массалык башаламандыкка катышуу») боюнча шектүү катары кармалган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына чыгарган.

Калган экөө - Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев Жазык кодексинин 264.1-беренеси («Массалык башаламандыкты уюштуруу») 253.1-беренеси («Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү») боюнча айыпталып, камакка алынган. Сот аларды 29-февралда үй камагына чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG