Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Чек ара боюнча вице-премьер-министрлердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакында өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр болот. Бул туурасында Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров 18-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн кеңешме учурунда билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик чек ара тилкелеринде түрдүү талаш-тартыштарга жол бербеш үчүн жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия шартында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиялардын ишин күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Мамлекет башчы ошондой эле коңшулар менен мамилени бекемдеш үчүн элдик дипломатия ыкмаларын кеңири колдонуунун зарылдыгын эске салды. Президент Жээнбековдун сөзүнө караганда, шарты катаал Баткен облусун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүш үчүн бюджеттин тартыштыгына карабай, ал үчүн багытталган бардык программаларды каржылоо токтотулбайт.

18-августта президент Сооронбай Жээнбеков жана вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анда пандемия шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жөнүндө сөз болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн аптанын башында Баткен облусуна иш сапары менен барып, аймактын социалдык-экономикалык абалынан, чек арадагы кырдаалдан кабар алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG