Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Дүйнө жүзүндө 22 миллиондон ашык адам коронавируска чалдыкты


АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин 19-августка карата берген маалыматына ылайык, жалпы дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккан адамдар 22 миллиондон ашты. Оорудан 778 557 адам көз жумду. 14 миллиондон ашуун адам илдеттен айыкты.

Оору жуккандардын басымдуу бөлүгү АКШда. Бул өлкөдө дээрлик 5,5 миллион адам коронавирус менен ооруду. 175 миңден ашуун киши илдеттен көз жумду.

Андан кийин Бразилияда дээрлик 3,5 млн. адам ооруп, 110 миң киши көз жумду.

Индияда 2,7 млн. адам вирусту жугузуп алган, 53 миң адам бул илдеттен каза болду.

Орусияда 932,5 миң адам коронавируска чалдыккан. 15 872 адам ушул илдеттен көз жумду.

Кыргызстанда 18-августка карата бир суткада 155 адам ооруга чалдыгып, эки адам кайтыш болду. Оорудан 1 498 киши көз жумду. Жалпы ооругандардын саны 42 146 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 34 885 киши.

XS
SM
MD
LG