Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:14

Республикачы Колин Пауэлл президенттикке талапкер Жо Байденди колдоп чыкты


АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтондогу Бенжамин Баннекер мектебинде. 17-октябрь, 2016-жыл.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтондогу Бенжамин Баннекер мектебинде. 17-октябрь, 2016-жыл.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, республикачы Колин Пауэлл президенттикке Жо Байдендин талапкерлигин колдоп чыкты. Пауэллдин бул тууралуу билдирүүсү АКШдагы Демократиялык партиянын сайтына чыкты.

«Мен АКШнын президенттигине шайлоодо талапкер Жо Байденди колдойм», - деди Пауэлл. Ал Байден америкалык аскер кызматкерлерине көңүл бурат деген ишеничин билдирди.

Колин Пауэлл 2001-2005-жылдары АКШнын 43-президенти, республикачы Жорж Буштун бийлигинин учурунда мамлекеттик катчы болуп турган. 1987-1989-жылдары 40-президент, республикачы Рональд Рейгандын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы болгон.

2016-жылкы президенттик шайлоодо демократ Хиллари Клинтонду колдоп чыккан.

XS
SM
MD
LG