Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 илдети менен күрөш үчүн Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди. Саламаттык сактоо министрлиги 19-августта кабарлагандай, гуманитардык жардамдын суммасы 59 миң долларга барабар.
ДССУ пандемия башталгандан бери Кыргызстанга медициналык жабдуу жана адистерге кеп-кеңеш берүү жагынан жардам берип келатат.
Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери 42325 киши жугузуп, алардын 35 197 айыкты. Илдетке каршы республикалык штаб андан 1054 адам көз жумганын кабарлады.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 18-августка карата берген маалыматта вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганын жарыялаган. Ушул эле күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн басма сөз жыйынында вирустан каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын айткан. (SE)