Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Кыргызстанда коронавирус 5-февралда катталганы тууралуу документ жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта эмес, 5-февралда катталганы тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы Интернетке тарады. Аталган мекеменин жетекчилиги кызматкерлер шалаакылык кылганын айтууда.

COVID-19 вирусу менен ооругандарды кошумча медициналык төлөмдөн бошотуу тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоорунда Кыргызстанда коронавирус 5-февралда катталганы жазылган. Аны Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарган.

Коронавирус 5-февралда катталганы жазылганы тууралуу документти 24.kg агенттиги жарыялады.
Коронавирус 5-февралда катталганы жазылганы тууралуу документти 24.kg агенттиги жарыялады.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы документти Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду даярдаганын белгилеп, түшүндүрмөнү да ошол бериши керек экенин билдирди.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Клара Өскөнбаева документти даярдаган жаш адистер ката кетиргенин айтып, коомчулуктан кечирим сурады. Анын сөзүнө караганда, коронавируска чалдыккандар бейтаптардын ичинен алгачкы бейтап 5-апрелде айыгып, ооруканадан чыгарылган. Документте 5-апрелдин ордуна 5-февраль деп алмаштырып, сакайганы тууралуу маалыматтын ордуна ооруп калган деп жазылып калган.

«Жоопкерчилик тартканга даярбыз», - деди Өскөнбаева.

Клара Өскөнбаеванын түшүндүрмөсүн угуңуз.

Коронавирус статистика тууралуу калпыс маалымат тарады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00
Түз линк

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталганы расмий кабарланган. 19-августка карата 42325 киши жугузуп, 35 197 бейтап айыкты.

Илдетке каршы республикалык штаб өлгөндөрдүн саны да туура эмес саналып калганын айтып, мурда кабарлангандай 1498 эмес, 1054 адам көз жумганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG