Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:56

Балыкчыда каржы пирамидасын уюштурган деп жети аял кармалды


Кыргызстандын 5000 сомдук акчасы.
Кыргызстандын 5000 сомдук акчасы.

Балыкчы шаарында каржы пирамидасын уюштуруп, көз боёмочулук кылган деген шек менен жети аял кармалды. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, алар башкаларды алдап, 10 миллион сомдон ашуун пайда көрүшкөн.

Кармалгандардын иши Жазык кодексинин 214 беренеси («Каржы пирамидаларын уюштуруу») боюнча териштириле баштады.

Милицияга арыздангандардын маалыматына караганда, шектүүлөр «Ырыскы» жана «Ак-Куу» деп аталган каржы уюмдары ири пайызда үстөк төлөп берерин айтып, элден акча алышкан.

Кармалгандардын эң жашы 28, улуусу 55 жашта. Баары соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (KS)

XS
SM
MD
LG