Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

20-августта тоолуу аймактарда жаан-чачын болот


Сары-Челек көлү. Жалал-Абад облусу, Аксы району.
Сары-Челек көлү. Жалал-Абад облусу, Аксы району.

20-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бийик тоолорго кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Нарын жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19 градус ысыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11 градус болот.

Бишкек шаарында түштөн кийин өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус болот.

XS
SM
MD
LG