Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 14:38

Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары Башкы прокуратурага арыз беришти


Бобомурод Абдуллаев.

Бишкекте камалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз беришти.

Буга Абдуллаев менен бир аптадан бери жолуга албай жатышканы себеп болгонун адвокаттардын бири Тимур Султанов «Азаттыкка» билдирди.

Жактоочулардын айтымында, УКМКнын кызматкерлери муну аларга пандемияга байланыштуу санитардык нормалардан улам убактылуу ушундай чара көрүлүп жатканы менен түшүндүрүшкөн. «Азаттык» азырынча расмий органдардан бул жагдайдын чоо-жайы тууралуу комментарий ала алган жок.

Абдуллаевдин аялы Кутликиз Балхибаева 18-августта «Азаттыктын» өзбек кызматына Бишкек анын күйөөсүн Ташкентке жашыруун өткөрүп берип салган болушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган. Ал коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG